• Башкы бет
  • Прокуратура "жасалма бөйрөк" аппаратын уруксатсыз орнотуп алгандарга кылмыш ишин козгоду
14:12, 2021-ж., 27-декабрь

Прокуратура "жасалма бөйрөк" аппаратын уруксатсыз орнотуп алгандарга кылмыш ишин козгоду

Прокуратура "жасалма бөйрөк" аппаратын уруксатсыз орнотуп алгандарга кылмыш ишин козгоду

Мамлекеттик эмес айрым медициналык борборлор бейтаптардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, коопсуздугу жана сапаты тастыкталбаган «жасалма бөйрөк» аппараттарын уруксатсыз орнотуп алышканы такталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

«Гемодиализден жабыркаган бейтаптар биримдиги» коомдук бирикмесинин кайрылуусунун негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы гемодиализ менен дарыланган бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле «жасалма бөйрөк» аппараттарынын сапаты жана бул аппараттардын сертификаттарын каттоо, берүү, андан тышкары аппараттарды импорттоо процессинин мыйзамдуулугу текшерилген.

Анын жүрүшүндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаарындагы башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери гемодиализ кызматын көрсөткөн жеке медициналык мекемелерди мыйзамсыз каржылаганы аныкталган.

Тактап айтканда, айрым жеке менчик бейтапканалар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаарындагы башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, уруксат документтери жок медициналык жабдуулар менен бейтаптарды кабыл алып келишкен. Ошондой эле гемодиализ жүргүзүүгө келген бейтаптардын санын жана сеанстарды ашыкча көрсөтүп, ал үчүн республикалык бюджеттен кошумча акча алып турушкан.

Бул фактылар боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...