• Башкы бет
  • Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат
14:11, 2021-ж., 27-декабрь

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

Президент Садыр Жапаровэртең, 28-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын алкагында ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-ммалекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...