• Башкы бет
  • УКМКнын кызматкеринин өлүмү боюнча тергөө бүтүп, сотко өттү
13:55, 2021-ж., 27-декабрь

УКМКнын кызматкеринин өлүмү боюнча тергөө бүтүп, сотко өттү

УКМКнын кызматкеринин өлүмү боюнча тергөө бүтүп, сотко өттү

Тергөө органдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш ишти териштирип бүттү.

Шектүү Э.Ы.га Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча айып тагылды. Ал эми кылмыш иштин материалдары Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

Буга чейин ушул жылдын 20-июнунда топтолгон балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын кесепетинен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери ооруканага жетпей каза болгонун жазган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, анын денеси таңга маал жеткирилген.

Аймактык кабарчылар окуя болгон жерге барып көрүшкөн. Маркум болжол менен Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан Ош мамлекеттик педагогикалык университетине жакын жерде каза болгон. Аталган аймакта жайгашкан дүкөн ээлеринин айтымында, дүкөндүн видео тасмасына 3 жигит түшүп калган. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...