• Башкы бет
  • Улан Ниязбеков жол кырсыктарынын себептерин атады
13:52, 2021-ж., 27-декабрь

Улан Ниязбеков жол кырсыктарынын себептерин атады

Улан Ниязбеков жол кырсыктарынын себептерин атады

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын негизги себебин айдоочулардын 60 пайыздан ашыгы тиешелүү окутуудан өтпөстөн айдоочулук күбөлүк алганы менен байланыштырууга болот. Бул маалыматты ички иштер министри Улан НиязбековМинистрлер кабинетинин отурумунда айтты.

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгындагы отурум 25-декабрда өткөн.

Министрдин айтымында, 2020-жылдын 11 айында жалпы 5545 жол кырсыгы катталса, 2021-жылы 6820 жол кырсыгы каттоого алынган. Быйылкы сан былтыркыга салыштырмалуу 22,9 пайызга жогору.

«Жол кырсыктан жабыркагандардын 30 пайызы айдоочулар, 70 пайызы жүргүнчүлөр. Жол кырсыктардын негизги себеби катары айдоочулардын 60 пайыздан ашыгы тиешелүү окутуудан өтпөй, бирок айдоочулук күбөлүк алганын айтсак болот. Акыркы 3 жылдын ичинде жол кырсыктардын жалпы чыгымы 12 млрд 761 млн сомду түздү (жарандарга жана мамлекетке келтирилген зыян)», - деди министр.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...