• Башкы бет
  • Шаардык кеңеш Ош шаарын 2022-2025-жылдарда өнүктүрүү программасын бекитти
13:58, 2021-ж., 25-декабрь

Шаардык кеңеш Ош шаарын 2022-2025-жылдарда өнүктүрүү программасын бекитти

Шаардык кеңеш Ош шаарын 2022-2025-жылдарда өнүктүрүү программасын бекитти

Кечээ, 24-декабрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болду. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессияда Ош шаарын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү “Келечекке татыктуу шаар” программасын бекитүү жөнүндө маселе каралып, шаар мэри Алмаз Мамбетов маалымат берди.

“Ош шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыгып, сиздерге сунушталып жаткан “Келечекке татыктуу шаар” программасы Ош шаарын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы шаардын тургундарынын мүдөө-талаптарын эске алуу менен шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт.

Ошондой эле программа 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууга да багытталган.

Программанын максаттары экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү, таза суу менен камсыздоону, коммуналдык чарбаны жакшыртуу жана бардык муниципалдык ишканаларды санариптештирүү, социалдык өнүгүүгө жагымдуу чөйрө түзүү.

Жалпы программаны каржылоого 17 млрд. 105,9 млн. сом акча каражаты жумшалат. Анын ичинен 1 млрд. 934,2 млн. сом жергиликтүү бюджеттен, 1 млрд. 248,3 млн. сом республикалык бюджеттен бөлүнөрү, бюджеттен тышкары ипотекалык жана өздүк каражаттар 1 млрд. 619,5 млн. сом болору, ал эми 12 млрд. 416,9 млн. сомдук инвестициялар тартылышы пландаштырылган”,-деди А.Мамбетов.

Шаардык кеңештин депуттары бул маселени бир добуштан колдоп, Ош шаарын 2022-2025-жылдарда өнүктүрүү программасын бекитишти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...