• Башкы бет
  • Кримтөбөл Кадыр Досонов бир суткадан кийин кайрадан камалды
13:56, 2021-ж., 25-декабрь

Кримтөбөл Кадыр Досонов бир суткадан кийин кайрадан камалды

Кримтөбөл Кадыр Досонов бир суткадан кийин кайрадан камалды

Криминалдык авторитет Кадырбек Досонов камакта калтырылды, деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМКнын башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет Досоновго карата тергөө иштери аяктады.

«Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишин кароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен 23-декабрда К.Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. Ошону менен бирге 24-декабрда төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу Кадырбек Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Женго» каймана аттуу Кадыр Досонов камактан бошотулганы кабарланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...