Болот Абдыжапаров Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды

Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басарлыгына Болот Абдыжапаров дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.
Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич 1984-жылы Ат-Башы районунда туулган. Кесиби боюнча кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Бир канча жыл массалык маалымат каражаттарында эмгектенип келген.
Билими:
2001-2006-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алган.
Эмгек жолу:
2007-2009-жылдары НТРКдагы «Кыргызстан» редакциясынын кабарчысы;
2009-2010-жылдары КТРК, ЭлТРде редактор;
2010-2014-жылдары КТРК, ЭлТРде продюсер;
2018-2018-жылдары «Бишкекжашылхоз» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы;
2018-2019-жылдары «Бешинчи канал» ЖАКтын кабарчысы;
2019-жылдан ушул убакка чейин «Арча Про» КФнын директору.
Комментарийлер