• Башкы бет
  • Өзгөнө жол кырсыгынан бир адам каза болду
13:52, 2021-ж., 25-декабрь

Өзгөнө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Өзгөнө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Өзгөн шаарында жол-транспорт кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Маалыматты Ош ОИИБ боюнча ЖКККБдан тастыкташты.

Маалым болгондой, 23-декабрда саат 02:50 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Дөң-Булак айылынын 2005-жылы туулган тургуну Т.Э. «Хонда Джаз» үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай, жолдун четиндеги электр мамысын сүзүп, жол-транспорт кырсыгына учураган. Анын кесепетинен жүргүнчү — Дөң-Булак айыл аймагынын 2004-жылы туулган тургуну М.Б. денесинен алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын айдоочусу Т.Э. жана дагы бир жүргүнчү — Дөң-Булак айыл аймагынын 2006-жылы туулган тургуну О.У. денелеринен ар кандай жараат алып, Өзгөн районунун ооруканасына кайрылышкан.

Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...