15:59, 2021-ж., 24-декабрь
Кудайберди Кожобеков кайра Ош МУну бакшармай болду

Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматында калды.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Министрлер кабинети 22-декабрда ОшМУнун ректорун кызматтан бошотуу тууралуу 10-ноябрдагы чечимди жокко чыгарган.
9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үгүт иш-чарасына студенттер катышкандыгы үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан бошотулганын айткан.
Бирок билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев 10-ноябрда ОшМУнун ректору кызматынан бошотулбаганын, ал кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:24
Кечээ
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер