9 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип жактан жаран психикалык дарыканага жеткирилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 жаштагы Сумаянын өлүмү боюнча кармалган шектүү психиатриялык ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 22-декабрь күнү Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү — 1973-жылы туулган У.А. кармалган. У.А. суракка алынып, ал иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып, иштин жагдайын көрсөткөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.
«Ошондуктан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 186-беренесинин (экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде У.А.га карата 23-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.
Шектүүнү конвойдун коштоосунда Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага алып кетишти.
Комментарийлер