
15:50, 2021-ж., 24-декабрь
Шашылыш билдирүү: өлкө аймагында аба ырайы өзгөрөт

Өлкө аймагында 26-декабрда күндүз жана 27-декабрда аба ырайы өзгөрөт, деп билдирди Кыргызгидромет.
26-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын болот.
27-декабрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында 26-декабрда күндүз жаан-чачын болбойт. Ал эми 27-декабрда түнкүсүн айрым аймактарда жаан жаайт.
27-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө 27-28-декабрда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° градус болсо, Таласта түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° градус болушу мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° градус суук, күндүз -2° суук болушу ыктымал. 28-декабрда түнкүсүн жана 29-декабрда Ысык-Көл ойдуңунда -6…-11°, күндүз 0…-5° градус болот.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° градуска жетет.
Тоолуу райондордо түнкү суук -10…-15°, күндүз -6…-11° градус болсо, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер