
15:48, 2021-ж., 24-декабрь
Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бактыбек Калмаматовду СИЗО-1 абагында 2022-жылдын 9-февралына чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты 24-декабрда Биринчи май райондук соту билдирди.
- Бактыбек Калмаматов кармалганын 22-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.
Калмаматов социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
«Топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде Калмаматов 22-декабрда кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Калмаматовго айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт», - деп айтылат маалыматта.
Калмаматов 22-декабрга караган түнү аэропорттон видео кайрылуу жасаган.
Анын айтымында, кичи ажылыкка бара жаткан, бирок чек арачылар ага өлкөдөн чыгып кете албай турганын айтышкан. Ошол учурда УКМКнын кызматкерлери келип, аны күбө катары суракка чакырышкан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер