• Башкы бет
  • Нарында унаа кырсыгынан улам адам өмүрү кыйылды
11:09, 2021-ж., 23-декабрь

Нарында унаа кырсыгынан улам адам өмүрү кыйылды

Нарында унаа кырсыгынан улам адам өмүрү кыйылды

Кубакы ашуусундагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды.

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматына караганда, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында «Шкода Октавиа» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзүп, жүргүнчү каза болгон. Ал эми айдоочу жаракат алып, тез жардам кызматы алып кеткен.

Аталган унаа Бишкек шаарынан Кочкор районуна келе жаткан. Айдоочу менен жүргүнчү Кызыл-Дөбө айылынын тургундары болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...