• Башкы бет
  • Канттагы жаңы жылдык балатыны талкалап кетишти
11:05, 2021-ж., 23-декабрь

Канттагы жаңы жылдык балатыны талкалап кетишти

Канттагы жаңы жылдык балатыны талкалап кетишти

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын маӊдайындагы, борбордук аянттагы балатынын жасалгасын талкалап кетишти.

Ал Кант шаардык мэриясы тарабынан коюлган. Анын айрым гирляндаларын үзүп, тосмолорун талкалап, «2022-жыл» деген жазуунун «2» деген санын сындырып кетишкен.

Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев маалыматты тастыктап, өз чөнтөгүнөн 14 000 миӊ сом жумшап, жасалгалоо үчүн кайрадан буйрутма бергенин билдирди.

«Тилекке каршы талкалап кеткендер кармала элек», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...