
11:03, 2021-ж., 23-декабрь
Аялын урду делген судья боюнча соттун басма сөз кызматы маалымат берди

Социалдык тармакка тараган видео боюнча Ош облустук сотунун басма сөз кызматы комментарий берди.
Маалыматка караганда, Кылычбек Истамкулов үй-бүлөлүк пикир келишпестик болгондугун түшүндүрдү. Анын айтымында, жубайы Жаңы жылга карата кечеден кийин кызуу абалда унааны айдаганы жатканда аны токтотуу аракетин көрүп жаткан учурун бейтааныш адамдар тымызын видеого тартып алып, социалдык тармакка таратышкан. Ал жубайы бул окуяда жасаган аракеттери туура эмес экендигин түшүнүп, орун алган пикир келишпестик жокко чыгарылганын тастыктады.
Бул боюнча Жогорку соттун жетекчилиги териштирүү жүргүзүп, судьяга кынтыксыз болуусу эскертилди.
Буга чейин 19-декабрь күнү социалдык тармакка жол тандабас унаанын ичинде отурган аялды чаап жиберген адамдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар ал адам Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкуловго окшош экенин жазышкан болчу.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер