• Башкы бет
  • Күйөөсүн өлтүргөн аял убактынчалуу кармоочу жайга киргизилди
11:01, 2021-ж., 23-декабрь

Күйөөсүн өлтүргөн аял убактынчалуу кармоочу жайга киргизилди

Күйөөсүн өлтүргөн аял убактынчалуу кармоочу жайга киргизилди

Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя ушул жылы 9-сентябрда болгон.

Райондук прокуратуранын маалыматы боюнча, 9-декабрда Кара-Суу РИИБге Ош облустук ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда 9-декабрда саат 19:40 чамасында Шарк айыл өкмөтүнүн тургуну М.А. өзүнүн үйүндө денесине келтирилген жаракаттын кесепетинен каза болгону айтылган. Аталган билдирүү РИИБдин малыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге Кара-Суу районунун прокуратурасынын кызматкерлери, РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана соттук-медициналык эксперт барган.

«Шарк айылынын тургуну М.А. өзүнүн үйүндө аялы С.Д. менен спирт ичимдигин ичип отуруп, өз ара пикир келишпестик болгон. С.Д. күйөөсүн бычак менен бир жолу көкүрөгүнө сайып жиберген. Анын кесепетинен М.А. окуя болгон жерде алган жаракатынан улам каза болгон. Тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, карта-схема жана фото-таблица түзүлгөн. Ошондой эле мизинде канга окшогон кызыл-кочкул түстөгү тагы бар ашкана бычак алынган», - деп айтылат маалыматта.

Бул факт РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ( адам өлтүрүү ) 1-бөлүмүнүн белгилери менен катталып, кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-химиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары башталган. Окуяга шектүү С.Д. 2021-жылдын 10-декабрында саат 00:06да Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайында киргизилген. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кара-Суу райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча, быйыл 11 айда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 69 оор жана өзгөчө оор кылмыш катталган. Былтыр 75 оор жана өзгөчө оор кымыш катталган. 69 оор жана өзгөчө оор кылмыштардын ичинен 56сы оор кылмыштардын, 13ү өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет. Катталган оор кылмыштардын ичинен 14 иш соттук кароого жөнөтүлгөн, 23 иш өндүрүштөн кыскартылган, 19 иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

«Ал эми катталган 13 өзгөчө оор кылмыштардын ичинен 10 иш боюнча тергөөнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан айыптоо актылары бекитилип, негизинен соттук кароого жиберилген. 3 жазык иши боюнча кылмыштардын бети ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, өзгөчө оор кылмыштар райондук прокуратура тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, кылмыштардын бети толук ачылган», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...