• Башкы бет
  • БШК 7-чакырылышка мандат берүү эмне үчүн кечеңдеп жатканы боюнча маалымат берди
10:53, 2021-ж., 23-декабрь

БШК 7-чакырылышка мандат берүү эмне үчүн кечеңдеп жатканы боюнча маалымат берди

БШК 7-чакырылышка мандат берүү эмне үчүн кечеңдеп жатканы боюнча маалымат берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө чечиминин үстүнөн 4 арыз келип түштү. Алар сотто каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын каттоо иши убактылуу токтотулду.

Тактап айтканда, «Альянс» партиясы БШКнын Токтобүбү Оргалчаны депутат катары каттаган чечиминин үстүнөн арызданган. Ошондой эле Чүй-Кемин округунда эң көп добуш алган Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгаруу чечими сотто каралууда.

Буга чейин БШК бирдиктүү округ боюнча жана бир мандаттуу округдардагы шайлоону өттү деп тааныган.

Бирок Чүй-Кемин округундагы шайлоонун жыйынтыгы чыга элек болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...