• Башкы бет
  • Сот Мелис Аспековду камакта калтырды
11:30, 2021-ж., 22-декабрь

Сот Мелис Аспековду камакта калтырды

Сот Мелис Аспековду камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган активист Мелис Аспековго байланыштуу ишти карады. Адвокат Сергей Манукян Аспековдун күнөөлүү эместиги боюнча далилдер чогулганын жана анын жүрөгүнө операция жасатканын эске алып бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди.

Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок, активист абакта калды.

Аспеков 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Августта Аспековдун жүрөгүнө "Бикард" менчик клиникасында операция жасалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...