• Башкы бет
  • Ош шаарына кирүүчү альтернативалуу жолдун долбоору тааныштырылды
11:25, 2021-ж., 22-декабрь

Ош шаарына кирүүчү альтернативалуу жолдун долбоору тааныштырылды

Ош шаарына кирүүчү альтернативалуу жолдун долбоору тааныштырылды

Кечээ, 21-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына иш сапары менен келди. Анын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу долбоору менен таанышты.

Шаардын мэри Алмаз Мамбетов калаанын 2025-жылга чейинки башкы планынын негизинде түзүлгөн бир катар долбоорлорду тааныштырды. Экинчи борбордогу жол тыгынын жоюу максатында Ош облусунун Кара-Суу району менен Ош шаарынын кесилишкен (Т) аймагында альтернативдүү жол куруу маселеси жеринде талкууланды.

Ошондой эле шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында Данги участкасына барышты. Долбоордо дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын сакталышы, жарандардын сапаттуу, коопсуз жана арзан турак жайга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу камтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...