• Башкы бет
  • Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКга чакыртылды
11:24, 2021-ж., 22-декабрь

Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКга чакыртылды

Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКга чакыртылды

Бактыбек Калмаматов бүгүн, 22-декабрга караган түнү Кыргызстандан учуп кете алган жок. Бул тууралуу саясатчы өзү видео кайрылууда билдирди.

Анын айтымында, кичи ажылыкка бара жаткан, бирок чек арачылар ага өлкөдөн чыгып кете албай турганын айтышкан. Ошол учурда УКМКнын кызматкерлери келип, аны күбө катары суракка чакырышкан.

Калмаматов түндө УКМКга барган. Аны кайсы иш боюнча суракка чакырышканы азырынча белгисиз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...