• Башкы бет
  • Ташкентте студент поезддин үстндө видео тартып жатып кулап каза болду
11:22, 2021-ж., 22-декабрь

Ташкентте студент поезддин үстндө видео тартып жатып кулап каза болду

Ташкентте студент поезддин үстндө видео тартып жатып кулап каза болду

Өзбекстандагы Ташкент облусунун Кибрай районунда академиялык лицейдин студенти вагонго чыгып, видео тартып жатканда каза болду. Ал токко урунган. Бул окуя боюнча транспорт жана туризм объекттеринин коопсуздук башкармалыгы комментарий берди.

Ведомстводон билдиришкендей, ИИМге караштуу академиялык лицейдин 3-курсунун студенти Кибрай районунун «Ок-Ковок» темир жол станциясынын 21-чакырымында «Тик-токко» видео тартуу үчүн жүрүп бара жаткан поезддин үстүнө чыккан. Өспүрүм токко урунуп, ошол жерден каза болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...