11:15, 2021-ж., 22-декабрь
Сот "Альянс" партиясынын өтүнүчүн канааттандырды

Кечээ, 21-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн арызданган «Альянс» партиясынын өтүнүчүн канааттандырды.
Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, БШКнын 15-декабрдагы «Альянс» партиясынын 3 депутаттык мандаты аял талапкерлерге берилсин деген токтому, ошондой эле Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаты деп тааныган чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыкты.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында «Альянс» партиясы 7 депутаттык мандат алган. Анын экөөсү аял талапкерлерге берилмек. Бирок БШК жаңы чечим кабыл алып, ага байланыштуу Жанар Акаевдин мандаты Токтобүбү Оргалчага берилген болчу.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер