• Башкы бет
  • Ош шаарында милициянын окуу-машыгуу тактикасы өттү
12:14, 2021-ж., 21-декабрь

Ош шаарында милициянын окуу-машыгуу тактикасы өттү

Ош шаарында милициянын окуу-машыгуу тактикасы өттү

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош шаарында өткөн атайын тактикалык окуу-машыгууга катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Ош шаарында ИИМдин 2021-жылга мерчемделген иш-мерчемине ылайык коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана куралдуу кылмышкерлерди кармоо боюнча бир нече күнгө созулган атайын тактикалык окуу-машыгуу иш-чаралары болуп өттү. Анын жүрүшүндө коомдук тартипти сактоодо Ош шаарында жайгашкан укук коргоо органдарынын курама отряддарынын биргеликте иш алып баруусу жана атайын операциялар отрядынын чеберчиликтери көрсөтүлүп, кызматтык иттерди пайдалануу боюнча көнүгүүлөр аткарылды. Машыгуу учурунда аныкталган айрым кемчиликтер ошол замат бөлүм жана кызмат башчыларына, командирлерге жеткирилип, кийинки көнүгүүлөр ошол кемчиликтерди жоюу менен улантылды.

Бүгүн, 20-декабрда аталган иш-чаранын жыйынтыктоочу этабы аяктап, ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ош шаарындагы укук коргоо органдарынын башчылары катышты. Алар жогоруда белгилеген иш-мерчемдин талабына ылайык аткарылган көнүгүүлөрдү көрүп, өз пикирлерин билдиришти.

«Бул көнүгүүлөр Ички иштер министрлигинин жылдык иш-мерчемине ылайык аткарылып жатат. Ар бир милиция кызматкери жылдын кандай гана мезгили болбосун дайыма бүгүнкү күндөгүдөй бекем, күжүрмөн даярдыкта туруусу керек. Эл милициянын күжүрмөн даярдыгына ишенип тынч уктайт. Мына ошондуктан баарыӊыздардан коомдук коопсуздукту сактап, өз милдетиӊиздерди ак ниеттүүлүк менен аткарууну талап кылам», - деди Октябрь Урмамбетов.

Тактикалык окуу-машыгуу иштери аяктап, анын жыйынтыктары боюнча тереӊ талдоо жүргүзүлүп, эгер кетирилген кемчиликтер болсо аларды жоюу боюнча чечим кабыл алынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...