Кара-Балтада жергиликтүүлөр сойкуканаларды жабуу сунушу менен чыгышты

Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургундарынын иштеп жаткан сауналарды жабуу боюнча жарыяланган видео кайрылуусуна ылайык, текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.
2021-жылдын 19-декабрында саат 15:00 чамасында социалдык тармактарга Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургундарынын шаардагы эки саунаны жабуу боюнча видеокайрылуу жарыяланган. Анткени бул жерлерде жаш кыздардын интимдик кызмат көрсөтүү фактылары катталган. Кайрылууда ошондой эле эже-карындаштары үчүн тынчсызданып жатышканы, алар да ушул жерлерге барып калышы мүмкүн экени айтылат.
Саат 15:55 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аталган сауналар жайгашкан жерге 25-30дай жаш жигит чогулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ушундан улам коомдук тартипти сактоону камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери аталган жерге дароо жөнөтүлгөн. Бул маселелерди мыйзам чегинде чечүү зарылчылыгы тууралуу профилактикалык, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чогулгандар саат 17:00 чамасында тарап кетишти. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө чогулган адамдар интимдик кызмат көрсөтүү жайларын уюштурган белгисиз адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылышкан.
Бул арыз жана жергиликтүү тургундардын кайрылуусу Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган. Бардык иш-чаралар материалдардын негизинде жүргүзүлөт.
Комментарийлер