• Башкы бет
  • Оштогу кыз 3 бөйрөгү бар экенин билгенде таң калганын айтты
12:09, 2021-ж., 21-декабрь

Оштогу кыз 3 бөйрөгү бар экенин билгенде таң калганын айтты

Оштогу кыз 3 бөйрөгү бар экенин билгенде таң калганын айтты

Күндөн-күнгө медицина тармагы жаңыланып, жаңы технологиялар менен ооруларды бат аныктоого шарт түзүлүп жатат. Муну менен катар эле мурда көрүп-укпаган оорулар, аномалия жана оор дарттар аныкталууда.

Ош шаарынын 7 жаштагы тургуну Айжамал Сүйүн кызынын 2 тили бар. Анын узун кадимки тилинен сырткары дагы бир кичинекей тили бар. Апасынын айтымында, кызы 7 айлык болуп төрөлүп, тили кеч чыккан. Ал эми кичинекей тилин 1 жыл мурда кызынын тамагы ооруганда байкаган. Дарыгерлерге кайрылганда тамак жегенде, сүйлөгөндө экинчи тил балага тоскоолдук жаратпаса ушул бойдон калтыруу керектигин айтышкан.

Ал эми Ош облусунун дагы бир тургуну Гүлзирек Атаканова (ысымы өзгөртүлдү) үч бөйрөк менен жашап жүргөнүн айтат. Үчүнчү бөйрөгү бар экени УЗИге түшкөндөн кийин аныкталган.

«Быйыл оң бөйрөгүм бир аз ооруганынан текшерилсем, сол жагымда эки бөйрөк бар экен. Угуп таң калдым. Көрсө кээ бир адамдардын эки жагында экиден бөйрөк болот экен. Бирок операция кыласың деп айтышкан жок. Алдыда дагы бир текшерүү бар», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...