• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден адамдын жансыз денеси табылды
12:05, 2021-ж., 21-декабрь

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден адамдын жансыз денеси табылды

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден адамдын жансыз денеси табылды

18-декабрда Лейлек районунун Интернационал айылындагы каналдан денеси табылган адамдын ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Мааылматка караганда, 18-декабрда саат 12:30 чамасында Лейлектин Интернационал айылы менен Тажикстандын Овчу-Калача айылы чектешкен аймактан өтүүчү Козу-Баглан каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралууу маалымат түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, текшерүү жүргүзгөн. Каналдан азиат түспөлүндөгү эркек кишинин денеси табылган. Лейлек районунун соттук-медициналык экспертиза бюросунун экспертинин катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлгөндө эч кандай жаракаттары жок экендиги аныкталган. Андан аркы иликтөө учурунда маркум Лейлектин Интернационал айылынын 1974-жылы туулган тургуну, үй-бүлөсү жок, спирт ичимдигин көп ичип жүргөн тургуну Б.С. экендиги аныкталды. Ал жалгыз бой, улгайып калган, нерв оорусу менен ооруган апасы менен бирге жашап жүргөн. 16-декабрда өзү жашаган үйдөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.

Азыркы учурда маркум Б.С.нын денесине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, иликтөө иштери улантылууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...