14:20, 2021-ж., 20-декабрь
Ош шаарында өздүгү аныкталбаган 1 гана өлүк көмүлгөн

Ош шаарынын аймагында өздүгү аныкталбаган 1 гана өлүк көмүлгөн. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Өздүгү аныкталбаган жансыз дене Жапалак айылынын «Кайырма» каналынан табылган. Жашы болжол менен 55-60 жаштардагы адам. Анын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ал эми жыл башынан бери 7 өлүк табылып, 6 өлүктүн өздүгү аныкталган. Жарандарды тейлөө бюросу калган 3 жарандын кайдан табылгандыгы тууралуу кененирээк түшүндүрмө берип койсо жакшы болмок», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин бир катар ЖМКлар шаардык тейлөө бюросунун маалыматына таянып, шаарда 4 өлүк өздүгү аныкталбай көмүлгөндүгүн жазган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер