14:14, 2021-ж., 20-декабрь

Аскар Акаев Москвага учуп кетти

Аскар Акаев Москвага учуп кетти

Аскар Акаев кечээ, 19-декабрь күнү эртең менен Москва шаарына учуп кеткен. Бул тууралуу коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, Акаев Кумтөр боюнча суроолорго жооп берди жана анын катышуусу зарыл болгон бардык тергөө иштери жыйынтыкталды.

«Ал үчүн Кыргызстанга жол ачылды, эми каалаган убакта келе алат. Бул сапарда Аскар Акаевди уулу Илим коштоп жүрдү», - деди Талгарбеков.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...