Жаңы жылга карата Ош шаарында үндүктүн баасы кымбаттаы

Ош шаарындагы борбордук базарда ар жекшемби күндөрү үй канаттууларын саткан чоң базар уюштурулат. Быйыл ал базарда үндүктүн баасы өткөн жылдарга салыштырмалуу кымбат. Анын себептерин сатуучулар чөп, жемдин кымбаттаганы менен байланыштырды.
Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Сай айынын тургуну Абдиламит Усманалиев базарга «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасына 38 үндүк жүктөп келди. Ал үндүктөрдү Жаңы жылга жакын жыл сайын сатыкка алып чыгат.
«Азыр 38 үндүк алып келдим. Үйдө дагы 50дөн ашууну калды. Жаңы жыл майрамына үндүктү жакшы алышат. Булар жайыттын чөбүн жеп, дан менен багылган. Мал арык, этсиз болсо базар аны сүйбөйт. Ургаачы үндүктү 2 миң сомдон, короз үндүктү 2 миң 500 сомдон сатып жатам. Ар биринин салмагы 5-6 кг. Эл өткөн жылдагыдан кымбат экенин айтып жатышат. Быйыл үндүктөрдү багуу кыйын болду. Жүгөрү, күнжара (жемдин бир түрү), арпа сатып алам. 1 тонна 500 кг арпа, жүгөрү камдагам, ал да түгөндү. Дан азыр базарда кымбаттап кетти. Эми буйруганы, соода башка күндөгүгө караганда бүгүн кызуу болуп жатат. Жаңы жыл жакын болгондуктан алуучулар да көп», - деди ал.
Абдиламит Усманалиев кандай үндүктүн эти даамдуу, жумшак болорун айтып берди.
«Карыган үндүктүн эти катуу, анча даамдуу болбой калат. Ошондуктан базарда аны тандаганда айрым нерселерге дыкат маани берүү керек. Мисалы, карыган короз үндүктүн төшүндөгү сакал сыяктуу нерсеси өтө өсүп кетет. Ал карып кеткен болот. Кары ургаачы үндүктүн болсо шыйрактары тегиз болбой калат. Алар эне ургаачы үндүктөр. Булар 3-4 жыл жашаганда эле карып, эти катып калат. Семиз, жакшы багылган үндүктүн канаттары жалтырак болот. Төштөрү томпоюп, сырткы көрүнүшүнөн байкалат. Шыйрактары жылмакай болот. Айыл ичинде багылган үндүк менен жайытта багылган үндүктүн айырмасы чоң. Жайытта багылган үндүктүн эти даамдуу болот», - деди Абдиламит Усманалиев.
Комментарийлер