• Башкы бет
  • Ысык-Көлдө жансыз дененин өздүгү аныкталбай жатат
14:11, 2021-ж., 20-декабрь

Ысык-Көлдө жансыз дененин өздүгү аныкталбай жатат

Ысык-Көлдө жансыз дененин өздүгү аныкталбай жатат

Ысык-Көл облусунун милициясы жансыз дененин өздүгүн аныктоого жардам сурап жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-декабрда Балыкчы— Ананьево—Каракол унаа жолунун түштүк тарабынан, 12 метр алыстыкта, ​​Семеновка жана Ананьево айылдарынын ортосунан европа түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү табылган.

Өзгөчө белгилери: бою 175-180 см, болжолдуу жаш курагы 55-60 жашта, арык дене түзүлүштө, сол ийининде «МВО» жана «1978-1980» деген жазуу жана сандар бар.

Кийген кийимдери: үстүндө аялдардын күрөң пальтосу, кара түстөгү «Адидас» логотиби бар спорттук шым, ак жана кочкул көк чекиттери бар көйнөк, кара түстөгү галош.

Бул киши тууралуу маалыматы барлар 0709 20 30 87, 03943 43980 же 102 номуру аркылуу кабарласа болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...