• Башкы бет
  • Бишкекте эркек киши жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн
14:09, 2021-ж., 20-декабрь

Бишкекте эркек киши жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн

Бишкекте эркек киши жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн

Бишкек шаарында эркек киши жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Биринчи май райондук прокуратурасы билдирди.

2020-жылы 7-февралда милицияга социалдык кызматкер кайрылып, 9 жаштагы кызды 49 жаштагы атасы зордуктап жүргөнүн айткан. Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин (эски редакция) 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган.

Бишкек шаарынын мэриясынын балдар иштери боюнча комиссиясы кызды жарым жылга Социалдык адаптация борборуна берген.

Милициянын маалыматы боюнча, 9 жаштагы кыз атасы менен чогуу жашачу. Апасы 2 айлык кезинде кетип калган. Ошондон бери кызынан кабар алган эмес.

Тергөө учурунда 9 жаштагы кыз атасы зордуктап жүргөнүн тастыктады. Андан тышкары соттук-медициналык экспертиза да кичинекей кыз зордукталганын тастыктады. Кыздын атасы 12-мартта камакка алынган. Ага Жазык кодексинин (эски редакция) 165-беренеси (Ыплас аракеттер) менен айып тагылган жана иш сотко өткөн.

Ошондой эле Биринчи май райондук прокуратурасы 12-июнда соттон камакка алынган атаны ата-энелик укуктан ажыратууну суранган. 8-сентябрда сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Андан тышкары райондук прокуратура 18-июнда сотко дагы бир өтүнүч менен кайрылган. Сот ал өтүнүчтү дагы канааттандырып, 9 жаштагы кыз толугу менен мамлекет тарабынан камсыздандырылмак болуп, интернатка берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...