17:56, 2021-ж., 18-декабрь

Ош шаарынын бренди иштелип чыкты

Ош шаарынын  бренди иштелип чыкты

Кечээ, 17-декабрь күнү Ош шаарынан мэри Алмаз Мамбетовдун туристтик өнүгүү программасынын баяндамасы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Ош шаарындагы жана облустагы жетекчилер чакырылган. Мэр 2024-жылга чейин Ош шаарына 100 миң турист тартуу пландалып жатканын, ошондой эле туристтик капиталды 1 млрд сомго жеткиренин айтты.

«Ош шаары — Улуу Жибек жолунун провайдеринин» алдында туроператорлордун ассоциациясы түзүлүп, ага Орто Азиядагы туроператорлор мүчө болууда. Туристтик пландарыбыздын алкагында этно шаарча курулуп, этно спорттун Олимпиадасы өткөрүлөт. Санариптик туризмдин алкагында QR-коддор киргизилет. Ош шаары боюнча маалыматтарды 1 млрд адамга жеткирүү үчүн эл аралык телеканалдардан көрсөтүлөт», - деди Мамбетов.

Буга чейин Ош шаарынын туристтик брендин иштеп чыгуу үчүн мэрия сынак жарыялаган. Ага 70ден ашык дизайнер катышып, жыйынтыгында Россия Федерациясынын Москва шаарында жашаган дизайнер Михаил Чулин жасаган фирмалык стиль тандалып алынды. Фирмалык стилде төө көрсөтүлүп, Ала-Тоо, боз үйдүн түндүгү чагылдырылган. Михаил Чулинге Ош шаардык мэриясынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи борбор калаанын фирмалык стилин баяндоого чыккан Максат Чакиев буларга токтолду.

«Эмне үчүн төө? Анткени Ош шаары Улуу Жибек жолунан томунда жайгашкан. Мындан төөлөр менен кербендер өткөн. Андан сырткары төө бизнестин символу экени да айтылып жүрөт. Билесиңер, Москва дегенде Кремль сарайы, Лондон дегенде Биг-Бен эске келет. Ош шаары дегенди эскертип туруучу жай керек. Албетте, Сулайман-Тоо да Оштун символу болуп саналат», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...