• Башкы бет
  • Муниципалдык кызматка конкурс жарыяланды
17:53, 2021-ж., 18-декабрь

Муниципалдык кызматка конкурс жарыяланды

Муниципалдык кызматка конкурс жарыяланды

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин түштүк аймагы муниципалдык кадрлар резервине сынак жарыялады. 13-декабрда башталган сынак 24-декабрга чейин улана турганын аталган агенттиктин түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Таалайбек Зикиров билдирди.

Анын айтымында, сынактын негизинде райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана мэрлердин орун басарларына, айыл өкмөт башчыларына кадрлар резерви түзүлөт. Аталган кызматтар боюнча кадрлар резервин түзүүгө документтерди тапшыруу иши башталды.

«Атайын бул боюнча президенттин жарлыгы чыкты. Жарлыкта кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервдин түзүлүшү, алардын иштөөсү боюнча жазылган. Ушул жарлыктын негизинде Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда сынактык комиссия түзүлгөн. Комиссия 10 күндүн ичинде тиешелүү талапкерлерден документтерди кабыл алат. Талапкерлерди тест аркылуу мыйзамды билүүсүн текшеребиз. Андан мурун документтерин, квалификациялык талаптарын карап чыгып, бардык талапка жооп берген талапкерлер тестирлөөдөн өтөт. Тестирлөөдөн кийин атайын түзүлгөн комиссия аңгемелешүүгө чакырат. Анын негизинде кадрлар резерви түзүлөт» ,- деди Зикиров.

Райондук маанидеги шаарларга мэр болууну, мэрдин орун басары, айыл өкмөт башчы болууну каалаган талапкерлер мамлекеттик муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес иштеп, анын ичинен 3 жыл жетекчилик кызматта иштеши керек.

Таалайбек Зикиров кошумчалагандай, азыркы күндө Ош облусундагы райондук маанидеги шаарларга мэр болууну каалаган 19 талапкер, мэрдин орун басары кызматына 15 адам документ тапшырды. Айыл өкмөт башчысы болууну каалаган 23 талапкер да документтерин тапшырган.

«Жалал-Абад облусундагы райондук маанидеги шаарларга мэр болууну каалаган 9 талапкер, айыл өкмөт башчылыкка 9 адам, мэрдин орун басарлыгына 11 адам документтерин тапшырды. Баткен облусу боюнча кайрылгандар бар, бирок толук тизмеси тактала элек», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...