• Башкы бет
  • Ысык-Көлдө жол кырсыгынан улам 6 адам ооруканага жеткирилди
17:50, 2021-ж., 18-декабрь

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан улам 6 адам ооруканага жеткирилди

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан улам 6 адам ооруканага жеткирилди

Каракол—Эңилчек жолунда эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-декабрь күнү саат 16:20 чамасында Түп районунун Жылуу-Булак айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.Д.Б. жүк ташуучу «Мерседес-Бенц-313» үлгүсүндөгү унаасы Каракол—Эңилчек жолунун 3-чакырымынан карама-каршы тилкеге чыгып, Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 1990-жылы туулган тургуну Б.Ч.Б.нын башкаруусундагы «Тайота-Ипсум» үлгүсүндөгү уунасы менен сүзүшүп, жол кырсыгына учурашкан.

Натыйжада «Тайота-Ипсум» үлгүсүндөгү унаанын 6 жүргүнчүсү Ак-Суу райондук ооруканага жаткырылган:

- Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1978-жылы туулган тургуну А.К.К.

- Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1959-жылы туулган тургуну Ж.Б.У

- Каракол шаарынын 1971-жылы туулган тургуну У.А.Т.

- Түп айылынын 2005-жылы туулган тургуну Ш.А.М.

- Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 1992-жылы туулган тургуну М.М.М.

Ал эми Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1968-жылы туулган тургуну М.Э.Ө. Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза тапты.

Учурда Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...