• Башкы бет
  • Ырчы Самара Каримованын атасы кайтыш болду
17:48, 2021-ж., 18-декабрь

Ырчы Самара Каримованын атасы кайтыш болду

Ырчы Самара Каримованын атасы кайтыш болду

Ырчы Самара Каримованын атасы Эрмек Сүйүн уулу 75 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ырчынын жакындары тастыктады.

Маалым болгондой, кечээ, 17-декабрда Эрмек Сүйүн уулу оорудан улам көз жумган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 18-декабрда Лейлек районунун Айкөл айылында өтөт.

«Атамдын ден соолугуна кам көрүп, операцияларды кылган Мамбет Мамакеевге, Миталип Мамытовго, Сабырбек Жумабековго жана башка бардык дарыгерлерге башымды ийип таазим этем. Жалпы аракет кылдык. Бирок Жараткандын амирине каршы тура албайт экенбиз, өлүмгө өкүм жүргүзө албайт экенбиз. Баарыңыздарга терең таазим кылам. Атамдын өмүрүнө өмүр кошууга аракет кылып кам көргөн ар бириңиздерге рахмат.

Асылым атам, карааңындан кагылам атам... Сиз ар дайым биздин жүрөгүбүздө жашайсыз. Менин ар бир аракетим сиздин мага кылган эмгегиңизге арналат. Сиздей камкор атанын кызы болгонум үчүн тагдырга ыраазымын. Биз сизге ыраазыбыз атаке», - деп ырчы социалдык баракчасы аркылуу жазган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...