• Башкы бет
  • Президент УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратын ачты
17:44, 2021-ж., 18-декабрь

Президент УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратын ачты

Президент УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы УКМК ардагерлеринин жана кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн эң ири облустарынын бири болгон Жалал-Абадда улуттук коопсуздукту камсыз кыла турган орган кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу үчүн ыӊгайлуу шарттардын түзүлүп жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш экенин белгиледи.

«Дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп, илим менен техниканын барган сайын өнүгүп жаткан маалында коопсуздукка коркунуч келтире турган улам жаңы чакырыктар байма-бай чыгып жатканы белгилүү», — деди президент.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...