• Башкы бет
  • "Тазалык" ишканасынын кызматкерин унаа менен уруп кеткен айдоочу мамлекеттик кызматкер,-ЖМК
17:40, 2021-ж., 18-декабрь

"Тазалык" ишканасынын кызматкерин унаа менен уруп кеткен айдоочу мамлекеттик кызматкер,-ЖМК

"Тазалык" ишканасынын кызматкерин унаа менен уруп кеткен айдоочу мамлекеттик кызматкер,-ЖМК

"Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен унаанын айдоочусу Тышкы иштер министрлигинде иштейт, деп жазат ЖМКлар 

Алдын ала маалымат караганда, 1976-жылы туулган К.Н. 2019-жылы ТИМдин бир департаментинин биринчи катчысы кызматын ээлечү.

Бүгүн, 18-декабрга караган түнү саат 01:00 чамасында «Honda CR-V» унаасы А.Масалиев көчөсү менен бара жаткан. Бирок А.Малдыбаев көчөсүнө жетпей көчө шыпырып жаткан «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен.

Анын кесепетинен 1960-жылы туулган Ш.Т. окуя болгон жерде көз жумган.

Ал эми «Хонда» унаасынын айдоочусу — 1976-жылы К.Н. мас абалда экендиги аныкталган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталды.

К.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...