
10:29, 2021-ж., 17-декабрь
Тажик чек арачылары курал колдонуп, ок атты

Кечээ, 16-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында курал колдонуу боюнча окуя болгонун УКМКнын мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандары Баткен районундагы Көчө-Бою тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кыла баштаганда оозеки жаңжал чыгып, мушташка чейин жеткен. Жаңжал учурунда тажик аскер кызматчыларынын бири Макаров тапанчасынан асманга төрт жолу ок чыгарган.
Окуядан кийин Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Исфара багытындагы чек ара өкүлүнүн жолугушуусу болду.
Кыргызстандын жарандары чек арага жакын жерде эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыктан, тажик тарап курал колдонуунун мыйзамсыз экенин моюнга алды.
Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскер кызматкерлерине чара көрүлөрүн билдирди. Тараптар бир тараптуу иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын чыгаруу үчүн жолугушууну макулдашты.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экендигин чек ара кызматы билдирди.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
6
live comments feed...
Комментарийлер