Ош шаарында айрым курулуш компаниялары жыгач менен үй курууда

Ош шаарындагы айрым курулуш компаниялары 9-кабаттан жогорку кабаттарын жыгачтан куруп жатат. Бул тууралуу кечээ, 16-декабрда мэриянын коллегиялык жыйынында мэр Алмаз Мамбетов билдирди.
«Айрым курулуш компаниялары 9-кабаттан кийинкисин жыгачтан куруп жатат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин Оштогу башкармалыгы, силер уруксат бересиңерби?», - деп сурады Мамбетов.
Аталган башкармалыктын башчысынын орун басары уруксат бериле турганын айтты.
«Эмнеге ушундай үйлөрдү көзөмөлдөбөйсүңөр?», - деди мэр.
«Биз аны көзөмөлдөй албайбыз. Бишкектеги башкармалык ушул ыйгарым укукту өздөрүнө алган», - деп жооп берди башкармалыктын өкүлү.
«Ошондой эле акылдуулар отурса, Бишкектен келсин бул жакка. Эртең ошол жыгач үй куласа Бишкекти эч ким эске албайт», - деди Мамбетов.
Ошондой эле мэр Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматовго кайрылып, мыйзамсыз курулуштар качан сайтка чыга турганын сурады.
Ал эми Алтынбек Пирматов бул боюнча жумуштар аткарылып жатканын белгиледи.
Комментарийлер