10:21, 2021-ж., 17-декабрь
Өзбек президенти жумуш сапары менен Сеулга барды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-декабрда мамлекеттик сапары менен Корея Республикасына барды.
Сеулдун аэропортунда мамлекет башчысын салтанаттуу тосуп алуу аземи болду. Меймандын урматына ардактуу кароол тизилип, артиллериялык ок атылды, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.
Өзбекстандын лидерин Корея Республикасынын премьер-министринин орун басары Хонг Нам Ки жана башка расмий өкүлдөр тосуп алды.
Саммиттин негизги иш-чаралары – эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр бүгүн, 17-декабрда өтөт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:02
Кечээ
15:04
-ж., 25-март
14:53
-ж., 25-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер