• Башкы бет
  • Ноокат шаарында Мурза Гапаровдун айкели орнотулду
13:33, 2021-ж., 16-декабрь

Ноокат шаарында Мурза Гапаровдун айкели орнотулду

Ноокат шаарында Мурза Гапаровдун айкели орнотулду

Кечээ, 15-декабрда Ноокат шаарынын Н.Исанов атындагы эс алуу багынын Жеңиш аянтындагы баатырларга арналган аллеяда жазуучу Мурза Гапаровдун айкели орнотулуп, ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Айкел М.Гапаровдун 85 жылдык мааракесине арналып тургузулду. Иш-чарага Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, шаардык мэриянын кызматкерлери, М.Гапаровдун жакындары, айылдаштары жана жашоочулар катышты. М.Гапаровдун өмүр баяны окулуп, баскан жолу эскерилип, ага багышталып куран окулду.

Мурза Гапаров 1936-жылы 22-мартта Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Нойгут айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолу колхозчу болуп иштөөдөн башталган. Чыгармачылык жолу 1950-жылдары башталып, кыргыз искусствосуна, маданиятынын өнүгүшүнө салым кошкон. «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу», «Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер» наамдарын алган. Ал 2002-жылы дүйнө салган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...