Тажик президентти кызын Улуу Британиянын элчиси кылып дайындады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кызы Рухшона Эмомалини Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна элчи кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.
Рухшона Эмомалини элчилик кызматка дайындоо тексти башка кадрдык дайындоолор менен бирге 15-декабрда Тажикстандын президентинин расмий сайтында жарыяланган.
Рухшона Эмомали бул кызматка Масуд Халифазоданын ордуна келди. Буйрукта Халифазода башка кызматка которулгандыгына байланыштуу элчилик кызматтан алынганы айтылат.
Рухшона Эмомали — тажик президентинин жети кызынын бири. Ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде Эл аралык уюмдар башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Тажикстандын Улуу Британиядагы элчилигинде да эмгектенген. Ал Лондондо күйөөсү, Тажикстандын Улуу Британиядагы соода өкүлү — Шамсулло Сохибов менен чогуу жашаган.
«Азия плюс» агенттиги жазгандай, Рухшона Эмомали белгилүү «Фароз» компаниясынын ээси Шамсулло Сохибовдун жубайы.
2017-жылы Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Рухшона Эмомали жазган «Дипломатиялык кызматтын негиздери» китеби жарык көргөнүн жарыялаган.
Эмомали Рахмондун дагы бир кызы, президенттик администрациянын башчысы — Озода Рахмон да буга чейин Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Ал министрликте консулдук бөлүмдүн башчысы, министрдин орун басары, министрдин биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.
Комментарийлер