• Башкы бет
  • Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди
14:26, 2021-ж., 15-декабрь

Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди

Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди.

Өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов жетектеген атайын комиссиянын текшерүү учурунда “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинде жана Алымбек-Датка музейинде жарандарды, конокторду кабыл алууга шарт түзүлбөгөнү, имараттарда жылуулук системасы иштебегендиги, тазалык маселеси аткарылбай жатканы аныкталды.

Атайын комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен аныктама жазылып, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү министрликке берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...