• Башкы бет
  • Алмаз Мамбетов жеке суроолор боюнча жарандарды кабыл алды
14:25, 2021-ж., 15-декабрь

Алмаз Мамбетов жеке суроолор боюнча жарандарды кабыл алды

Алмаз Мамбетов жеке суроолор боюнча жарандарды кабыл алды

Кечээ, 14-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жарандар менен жолугуп, жеке көйгөйлөрүн укту. Ага вице-мэрлер, аппарат жетекчи жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары да катышты. Мэр арыз ээлеринин ар бир маселеси менен таанышып, тийиштүү тармактарга чечүү, көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.

Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү кичи райондордогу жолдорду оңдоо, материалдык жардам, жер тилкесине уруксат кагазын берүү, турак жай алуу өңдүү маселелерин айтышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...