• Башкы бет
  • Мурдагы милиция кызматкердин өлүмү боюнча маалыматтар айтылды
14:18, 2021-ж., 15-декабрь

Мурдагы милиция кызматкердин өлүмү боюнча маалыматтар айтылды

Мурдагы милиция кызматкердин өлүмү боюнча маалыматтар айтылды

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы ИИМдин Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сыргак Айткурмановдун өлүмү тууралуу маалымат берди.

Ага караганда, Свердлов РИИБдин «102» кызматына эртең мененки саат
06:50дө Бишкек шаарынын №4 шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө
1977-жылы туулган Сыргак Айткурманов тез жардам кызматы тарабынан
алынып келгендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул маалымат Свердлов РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

№4 шаардык ооруканасынан берилген аныктамага ылайык, С.Айткурманов
баш сөөгү-мээсинен жабык жаракат алган. Ал эс-учуна келбей жаткандыгына байланыштуу суракка алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондой эле анын жанында өздүгүн аныктоочу документтери (айдоочулук кубөлүгү, паспорту) менен «Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефону бар экени аныкталган.

Мындан тышкары «103» кызматына телефон чалган адам менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда, ал маркумду Гоголь менен Москва көчөлөрунун кесилишиндеги «Нурислам» чайканасынын жанында жерде жатканын көрүп, медицина кызматкерлерине чалганын билдирген.

Бирок маркум денесиндеги оор жаракаттардан улам түшкү саат 12:00 чамасында
каза болгон.

Алдын ала коюлган диагноз: боор жетишсиздиги өнөкөт оорусу. Курсагынын кан тамырларынын кеңейиши. Курсак-ичеги карынындагы кан. «Меллори-Вейса» синдрому.

Аталган жагдай боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...