• Башкы бет
  • Башкы прокуратуранын кызматкерлери кармалды,-ЖМК
14:08, 2021-ж., 15-декабрь

Башкы прокуратуранын кызматкерлери кармалды,-ЖМК

Башкы прокуратуранын кызматкерлери кармалды,-ЖМК

Башкы прокуратуранын, «Бишкек машина куруу заводу» ААКтын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигинин булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Кызматкерлер кечээ, 14-декабрда кармалып, УКМКнын абагына камалган.

Алдын ала маалыматка караганда, УКМК жана Башкы прокуратура коррупциялык схеманы аныкташкан. Мыйзамсыз ишке Башкы прокуратуранын, Каттоо кызматынын жана «Бишкек машина куруу заводу» ААКтын кызматкерлери тартылган. Шектүүлөр «Бишкек машина куруу заводу» ААКтын Сокулук районундагы жер тилкелерин 600 миң доллардан ашык акчага сатып жиберишкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...