Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга вакцина берди

10-декабрда Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы «Pfizer» вакцинасынын 49 миң 140 дозасын тапшырды.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, вакцина «COVAX» программасы аркылуу жеткирилди.
«АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасындагы COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.
Бул АКШ тарабынан Кыргыз Республикасына берилген «Pfizer» вакциналарынын экинчи партиясы. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.
Пандемия башталгандан бери АКШ Кыргыз Республикасына COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Ал эми саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Pfizer-Biontech» вакциналары кыргызстандыктарга октябрь айынын аягында жеткиликтүү болуп, аны менен 30 миңден ашуун адам эмдөөдөн өткөнүн билдирди.
Комментарийлер