• Башкы бет
  • Ош-Арван жолуна түнкү чырактар орнотулууда
10:15, 2021-ж., 14-декабрь

Ош-Арван жолуна түнкү чырактар орнотулууда

Ош-Арван жолуна түнкү чырактар орнотулууда

Араван районунда Алля Анаров айыл аймагынын кире беришинен баштап Араван айылына чейин түнкүсүн жарык берүүчү чырактар орнотулду. Бул тууралуу аким Музафар Мадеминов билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкерлердин колдоосу менен айыл аймактардагы түнкүсүн кылмыштуулуктун алдын алуу максатында негизги Ош—Араван унаа жолуна 130 даана түнкү чырак коюлду.

«Жалпы суммасы 1 млн 500 миң сомду түздү. Ош—Араван унаа жолунун 25-30 метр аралыгына бир даанадан чырактар орнотулган. Мындай иш аракеттер Аравандын башка аймактарында да ишке ашыруу пландаштырылууда», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...