10:11, 2021-ж., 14-декабрь
Ош облусунда рейд учурунда 24 мас айдоочу кармалды

Ош облусунун аймагында «Бахус» аталышындагы рейд өтүп, мас абалдагы 24 айдоочу кармалды. Бул тууралууоблустукжол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, 1 апта ичинде жол тескөөчүлөр тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузган 1 миң 223 айдоочуга Бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде протоколдор түзүлдү.
«Алардын ичинен 24 айдоочу мас абалда кармалса, айдоочулук күбөлүктөрү же тийиштүү документтери жок айдоочулардын унаалары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн атайын айып короосуна токтотулду. 442 айдоочу жол белгилерине баш ийбей, жол эрежелерин бузгандыктан протокол түзүлдү. Рейд уланууда», - деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер