Кара-Суу шаарында куралдуу кол салууга шектелгендер кармалды

Кечээ, 13-декабрда Кара-Суу районунда куралдуу каракчылык кылууга шектелип мурда соттолгон адамдар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:05 чамасында Кара-Суу РИИБге Нурахунов көчөсүндө каракчылык кылмыш болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле учурда аталган көчөдө «Дэу Лассет» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткендиги белгилүү болгон.
Милиция 1982-жылы туулган К.Ж. аттуу тургун арыз жазып, бүгүн саат 09:50 чамасында Навои көчөсүндө өзүнүн «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасында отурганда белгисиз 2 адам келип, курал менен коркутуп, унаасын айдап кетип калышкандыгын билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө саат 10:05 чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз адамдар ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алып кетип бара жаткандыгы такталган. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Милиционерлер кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүшкөн. Алар Кара-Суунун 32 жаштагы тургуну, мурда адам өлтүрүү жана куралдарды мыйзамсыз сактоо беренеси боюнча соттолгон Ш.М., Ош шаарынын мурда соттолгон (эсктремизм үчүн) 48 жаштагы тургуну А.У., жана Россиянын Казань шаарынын 46 жаштагы тургуну (мурда уурулук боюнча соттолгон) болуп чыкты. Кылмыш болгон жерден далил катары 5,45 мм 58 даана ок 2 магазини менен жана 24 огу менен 2 тапанча, «К-17» үлгүсүндөгү мылтык, 2 рация, 6 бет кап алынды. Алынган куралдар боюнча экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Комментарийлер